• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

 «Яндекс такси» эскертүү алды

1 Баш оона 2023 14:06 Бишкек Govori.TV

Керектөөчүлөрдүн кайрылууларынын ошондой эле “Яндекс. Такси Корп” ЖЧКсынын аракеттери боюнча интернетте тарап жаткан маалыматтардын негизинде, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо максатында «Яндекс. Такси Корп” ЖЧК компаниясы тарабынан берилген материалдар жана компаниянын иши тууралуу маалыматтар талданды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы кабарлады.

Материалдарды кароонун алкагында «Яндекс. Такси Корп» ЖЧКсы тарабынан мыйзамдын талаптарына ылайык келбеген төмөндөгүдөй аракеттер аныкталды:

— керектөөчүгө толук жана так маалыматтар жеткирилген эмес;

— көрсөтүлүүчү кызматтардын коопсуздугун жана сапатын камсыз кылбоо;

— суроо-талап күчөгөн мезгилде тарифтерди түзүү механизминин түшүнүксүздүгү.

Жогорудагыларга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндөгү мыйзамдарынын талаптарына ылайык, Кызмат тарабынан жазма эскертүү (предписание) берилди. Аны аткарууга 2023-жылдын 7-сентябрына чейин убакыт берилди.

Количество просмотров: 88