• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

“Яндекс.Таксинин” айдоочулары нааразылык акциясына чыгышты

2 Бештин айы 202415:28 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 2-декабрда “Яндекс.Такси” кызматынын айдоочулары нааразылык акциясына чогулушту.

Алардын айтымында, “Яндекс.Такси” 21% комиссия алып жатканын, бул коңшу Казакстанга салыштырмалуу үч эсе көп экенин айтышты. Ошондой эле жеңилдетүү берилген кардарларга компания эмес, айдоочулар акча кошуп жатканын белгилешти.

Алар өлкө бийлигине кайрылуу жолдоп, компаниянын ар бир чакыруудан алынчу комиссияны 7% түшүрүүнү талап кылышты. Акцияга чыккандарга компаниянын атынан эч ким жооп берген жок.

Эске салсак, 29-ноябрда УКМК ири өлчөмдө салыктан качуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишине байланыштуу “Яндекс.Такси” ишканасынын жана өнөктөштөрүнүн кеңселеринде тинтүү жүргүзгөнүн билдирген.

Количество просмотров: 1133