• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Япониядагы круиздик кемеде карантин аяктады

19 Бирдин айы 2020 9:51 Бишкек Govori.TV

Япониядагы круиздик «Diamond Princess» кемесиндеги 14 күндүк карантин аяктады. Бул тууралуу «РИА Новости» жазды.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 19-февралдан тарта жүргүнчүлөр жээкке чыгып башташкан. Алгачкылардан болуп улуу курактагы аял киши чыккан. Мындан сырткары, бүгүн 500 чакты адам жээкке чыгарылышы күтүлүүдө. Аларда коронавирустун белгилери табылган эмес жана негизинен улгайган адамдар.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бул кемеде Кыргызстандын 1 жараны бар экенин жана ал коронавирус жуктурду деп шектелип жатканын, дене табы көтөрүлбөй, абалы жакшы экенин билдирген.

Количество просмотров: 77