Бүгүн 30-октябрда, Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Уланбек Далиев япониялык инвесторлор менен Тоң районунда жайгашкан «Аалам Ордо» этно комплексинде жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда этно комплекстин аймагында маданий борбор куруу маселеси талкууланды.
Облус башчысы чет өлкөлүк өнөктөштөр менен кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, бул аракеттер Ысык-Көлдүн маданий инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана туристтерди тартууга өбөлгө түзөөрүн белгиледи.
Япониялык инвесторлор долбоорго кызыгуусун билдирип, колдоо көрсөтүүгө даяр экенин айтышты.