Эркин журналист Ыдырыс Исаковдун сабалышы боюнча Оштогу медиа коомчулук президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошту.
«Эркин журналист Ыдырыс Исаковдун жумуш учурунда сабалышы — журналисттердин беделин түшүрүүгө багытталган кылмыштуу аракет жана сөз эркиндигине урулган сокку деп эсептейбиз. Андыктан, бул кылмышты президент Садыр Жапаров жеке көзөмөлгө алып, кылмышка шектелип аткан “Пансионат Ош” мекемесинин мурдагы директору Маматкарим Койчукулов мыйзам чегинде жазалануусу керек. Ыдырыс Исаков эркин журналист катары өзүнүн ютуб каналы аркылуу журналисттик ишмердигин жүргүзүп келет. Анын чуу жараткан бул жолку иликтөөсүндө Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдары жана журналисттик этика сакталган деп эсептейбиз»,-деп жазылат кайрылууда.
Кайрылуу жолдогондор:
Тургунбай Алдакулов, журналист, «ИДАР МЕДИА» компаниясынын жетекчиси;
Мээрим Абдилажанова, Т-Медиа телеканалынын журналисти;
Гульжан Ажиматова, «АзияТВ» телеканалынын журналисти;
Кенжебү Маматсадыкова Т-Медиа телеканалынын журналисти;
Мимоза Жанибек кызы, “Ынтымак” КРТРКсынын журналисти;
Айымкан Исралы кызы, “Ынтымак” КРТРКсынын журналисти;
Хилола Ашурова, “Ынтымак” КРТРКсынын журналисти;
Зарина Маматжанова, “Ынтымак” КРТРКсынын журналисти;
Айдын Токтосунов, “Ынтымак” КРТРКсынын программалоо боюнча директордун орун басары;
Шерзод Юсупов, «Азаттык» радиосунун өзбек кызматынын Оштогу журналисти;
Феруза Ашимбаева, “Ынтымак” КРТРКсынын журналисти;
Назгүл Өмүрзакова, Ош облустук «Ош жаңырыгы» газетасынын журналисти;
Жылдыз Капарова, ЭлТР Билим Илим каналынын журналисти;
Гульзат Газиева, эркин журналист;
Хамидулло Узаков, MediaHub’тын журналисти;
Зарина Рахманбердиева, «Ынтымак» КРТРКсынын журналисти;
Гүлшайыр Талантбек кызы, «ОшТВ» телеканалынын журналисти;
Алмагул Эркебай кызы, «ОшТВ «телеканалынын журналисти;
Абдумалик Базарбаев, «ОшТВ»телеканалынын журналисти;
Исхак Туратбеков, «ОшТВ» телеканалынын журналисти;
Роза Акматжан кызы, «ОшТВ»телеканалынын журналисти;
Жылдыз Кадырбаева, «ОшТВ»телеканалынын оператору;
Нуржамал Баргыбаева, «ОшТВ» телеканалынын журналисти;
Гулшайыр Турдали кызы, «ОшТВ» телеканалынын журналисти;
Бектур Мойдунов, «ОшТВ» телеканалынын оператору;
Ажибай Пайзидин уулу, «ОшТВ» телеканалынын журналисти;
Жылдыз Орозматова, Т-Медиа телеканалынын журналисти;
Аймээрим Дарбанбек кызы, Т-Медиа телеканалынын журналисти;
Наргиза Анарбай кызы,Т-Медиа телеканалынын журналисти;
Зыягүл Болот кызы, Т-Медиа телеканалынын журналисти;
Даяна Даниярова, Т-Медиа телеканалынын журналисти;
Бакай Калматов, Т-Медиа телеканалынын журналисти;
Нургелди Каныбек уулу, Т-Медиа телеканалынын журналисти;
Максат Боромбаев, Т-Медиа телеканалынын журналисти;
Нурзыйнат Курманбаева, Т-Медиа телеканалынын журналисти;
Айдай Беделбек кызы, Т-Медиа телеканалынын журналисти;
Дастан Осмонов, Т-Медиа телеканалынын журналисти;