• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Ырчы Аваз Акимов: Алмаз, сен бар же барба деп бизге айта албайт (видео)

28 Кулжа 2018 17:40 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 28.06.2018. Govori.TV
Алмаз Шаадаев  балким башка мааниде айткандыр, ар кимдин өз башы өзүндө да. Биз баарыбыз бири-бирибизди сыйлайбыз урматтайбыз анан сен тиги каналга барба десе, биз барбай кое албайбыз, анткени бул жумуш. Бул туурасында ырчы Аваз Акимов Govori.TV  сайтына билдирди.
«New TV каналы башында бир-эки жолу чакырганда бара албай калгам. Андан кийин  жамандагандай болбоюн эфирге чакырбай калышты. Менин каналга эч кандай доом жок. Алмаз Шаадаев сен бар же  сен барба дей албайт. Биз кааласак барабыз, каалабасак барбайбыз. Мен деле эки-үч жолу бир телеканалга бара албай калып, алар мени кара тизмеге киргизгенин ачык эле айткан» -дейт Аваз Акимов.

Эске сала кетсек, интернетке ырчы Алмаз Шаадаев New TV каналынын журналистине жаман сөздөрдү айтканы туурасында видео жарыяланган.
Количество просмотров: 24