• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Ыссык-Көлдө кылмышкерлер  баш көтөрүүдө дешет депутаттар

11 Үчтүн айы 2018 11:00 Бишкек Govori.TV

 

Бишкек. 11.01.18 Govori.TV

Ыссык – Көлдө кылмыштуу топтун мүчөлөрү  кайрадан баш көтөрүп ишкерлерге салык салып, алардын ишине тоскоол болууда. Бирок буга бөгөт койгон эч ким жок. Мындай маалыматты Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутататы Дастан Бекешев парламенттин пленардык жыйынында бүгүн билдирди.

«Өткөн жумада Бостериде бир кафе күйүп кетти. Аны иштетип жаткан ишкер буга кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн тиешеси бар деп эсептейт. Бир жагынан карасаң бул жөнөкөй өрткө окшойт. Буга көңүл буруу керек», — дейт депутат.

Эл өкүлүнүн айтымында, кылмыштуу топтун мөлөрү ишкерлерге салык салып, алардын ишине тоскоол болууда, бирок аларга карата эч ким арыз жазбайт.

«Ишкерлер арыз жазса, кылмыштуу топтун мүчөлөрү келип имараттарды өрттөп кетээрин билишет.Кылмышкерлер кайрадан баш көтөрүп башташты. Буга көңүл бурбасак, арты жаман болушу мүмкүн», -деди депутат.

Эсверте кетсек,  өткөн жумада Ыссык-Көлдөгү Бостери айылында “Осьминог” кафеси күйүп кеткен.

Количество просмотров: 6