Социалдык тармактарда кичинекей ымыркайды «ыйлаба» деп урушуп, сабап жаткан аялдын видеосу тарап, талкууга алынды. Соцтармак колдонуучулары тийиштүү органдарды тарап жаткан видеого көңүл буруп, көзөмөлгө алуу керек деген пикирлерин жазышууда.
Муну менен катар тарап жаткан аудио жазууларда ошол эле аял “бул жерде кыйналгандын ордуна тиги дүйнөгө кеткени жакшы. Ал үчүн да, мен үчүн да» деп айтып жатканын угууга болот.
Айрым маалыматтар боюнча, окуя Баткен облусунун Кадамжай районунда болгон. Ал эми Ички иштер министрлиги окуя боюнча текшерүү иштери учурда жүрүп жатканын жана кийинчерек маалымат берилерин билдирди.