• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ымыркайын 5000 долларга сатууга аракет кылган аял кармалды

15 Тогуздун айы 20219:43 Бишкек Govori.TV

Өзбекстандын Сырдарыя облусунун Гүлистан шаарында беш күндүк ымыркайын 5000 долларга сатууга аракет жасаган аял кармалды.

Сырдарыя облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдиргендей, келин акча алып жаткан учурда кармалган. Ушул тапта тергөө амалдары жүрүүдө.

Мындан бир күн мурун Ташкент шаардык соту үч күндүк баласын 18 миң долларга сатууга аракет жасаган анжияндык келинге карата өкүм чыгарган. Ал Өзбекстандын Жазык кодексинин “Адам соодалоо” беренеси боюнча айыпталып, беш жылга эркинен ажыратылган.

Количество просмотров: 231