Акыйкатчысы (Омбудсмен) Джамиля Джаманбаева «Арча-Бешик» жаңы конушундагы үйлөрдүн биринин дарбазасына калтырып кетишкен жаңы төрөлгөн ымыркайдын ишин жеке көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу Акыйкатчылыктын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматта айтылгандай, Акыйкатчы түн ичинде көчөгө ташталган бала тууралуу маалыматты алаары менен Акыйкатчы институтунун кызматкерлерине баланын укуктарын коргоону камсыздоону тапшырды.
«Институттун кызматкерлери бала табылгандан кийин дарыланууга жаткырылган төрөт үйлөрүнүн бирине барышты. Башкы дарыгер берген маалыматка таянсак, 19-ноябрда саат 23.05те кабыл алуу бөлүмүнө милиция кызматкерлери абдан катуу үшүп калган жаңы төрөлгөн баланы алып келишкен.
Балага бронхопневмония деген диагноз коюлду. Азыр ал дарыгерлердин көзөмөлүндө кайра жандандыруу бөлүмүндө жатат, дарылоо программасына антибиотиктерди кошушту. Институттун кызматкерлери төрөт үйүнүн башкы дарыгери менен дайыма байланышта болуп жатышат», — деп жазылат билдирүүдө.
Мындан тышкары Акыйкатчы институтунун кызматкерлери 20-21-ноябрда Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына барып, баланын энеси Ж. С. менен сүйлөшүп келишкен.
«20-ноябрда кармалган Ж. С.ны ИИБде суракка алышкан. Ал КРнын Кылмыш кодексинин 37-125-беренеси боюнча айыпталууда. 21-ноябрда Акыйкатчы институнун кызматкерлери ИИБдин убактылуу кармоочу жайына кайрадан барышкан кезде, ал кандай жагдайда төрөгөнү тууралуу айтып берген.
Анын айтымында, үй шартында төрөгөн, ата-энеси анын кош бойлуу экенин билишкен эмес. Баланын атасы ким экенин билет, ал адам учурда абакта жатат. Кармоо шарттарына даттанган эмес, камерада ал эки аял менен бирге кармалып турат.
Ж. С.нын айтымында, аялдардын гигиенасына керектүү баардык буюмдар бар», — деп кошумчаланды.
Белгиленгендей, дарыгерлер текшеришкен, зарыл болгон медициналык процедураларды жүргүзүшкөн. Мамлекеттик жактоочу берилген.
Ленин райондук ИИБдин маалыматына таянсак, 2023-жылы 19-ноябрда 2003-жылы туулган Ж. С. үй шартында төрөгөн. Андан кийин ымыркай «Арча-Бешик» жаңы конушундагы үйлөрдүн биринин дарбазасына желим баштыкка оролуп кутуга салынган абалда ташталган.
Тергөө тарабынан тиешелүү экспертиза дайындалды.
Акыйкатчы мамлекеттик органдарды баланын укуктарын коргоону камсыздоого чакырат.