• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Ырчы Бек Исраилов эл аралык фестивалда 3-орунду ээледи

18 Теке 2022 13:34 Бишкек Govori.TV

Бек Исраилов «Славян базары — 2022» эл аралык фестивалында 3-орунду ээледи. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Лариса Долина, Вреж Кирокосян, Руслан Алехно, Микаэла Роуз (Арабеск тобунун солисти), Леонид Пташка, Марио Стефано Пьетродарчи жана Яна Клавина музыкалык фестивалдын калыстар тобунун мүчөлөрү болгон.

«Славян базары» — 1992-жылдан бери Витебск шаарында жыл сайын өтүүчү эл аралык искусство фестивалы. Бул Беларусия, Россия жана Украинанын жалпы маданий иш-чарасы катары иштелип чыгып, мыкты таланттардан ордосуна айланган.

Количество просмотров: 567