• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Ырчы Урмат Усенов шайлоого катышуудан баш тартты

27 Баш оона 2020 16:47 Бишкек Govori.TV

Ырчы Урмат Усенов алдыдагы парламенттик шайлоого катышпоо чечимин кабыл алды. Бул тууралуу ал «Фейсбуктагы» өздүк баракчасына видео кайрылуу жасады.

“Шайлоого сунуштар былтыр күз айында эле башталган. Замандаштарым менен чогуу катышып көрсөмбү деген ойдо талапкерлигимди койгом. Бирок иш жүзүнө ашпай калды. Анын жөндүү себептери бар. Мени колдоп жана сын айткан бардык күйөрмандарына терең ыраазычылымды билдирем. Мен шайлоого катышпайм жана партиядан дагы чыгып кеттим”, — деди Урмат Усенов

Белгилей кетсек, ырчы Урмат Усенов «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен парламенттик шайлоого аттанганы жаткан.

https://www.facebook.com/urmat.usenov.3/videos/1391976967662045/UzpfSTEwMDAwNTQ5MjY0NTc0MDozMDYwNjExMjk0OTk0MTQ6MTA6MDoxNTk4OTQzNTk5OjQwMTMyMTYyOTUwMTkyODU0MA/
Количество просмотров: 284