Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев шайлоого «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен шайлоого барбай турган болду. Бул маалыматты эл өкүлү Govori. TVга ырастады.
Каныбек Иманалиевдин айтымында, ал өз каалоосу менен шайлоого катышпоо чечимин кабыл алган.
«Ооба, чечимди өзүм кабыл алдым. Шайлоого бараткандарга ийгилик каалайм»,-деди Иманалиев.
Буга чейин айрым маалымат каражаттарында депутаттар Каныбек Иманалиев менен Акылбек Жапаров «Мекеним Кыргызстан» партиясынын тизмесине кирбей калганы тууралуу маалыматтар тараган.