• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Темир Сариев парламенттик шайлоого барбай турган болду

23 Баш оона 2020 17:26 Бишкек Govori.TV

«Ак шумкар» саясий партиясынын лидери Темир Сариев «Бүтүн Кыргызстан» партиясы менен парламенттик шайлоого катышуудан баш тартты. Бул тууралуу ал өзү 23-августта билдирди.

«Мындай чечимди кабыл алуу оңойго турган жок. Түшүндүрүү кыйын. Менин дарегиме ачуу сөздөр айтылат. Тилдешет, сындашат. баарын көтөрүүгө даярмын», — деди Сариев.

Өзүнүн айтымына караганда, саясатчы мындан ары ишкерлигин улантып, коомдук иштер менен алек болот.

Буга чейин Темир Сариев алдыдагы парламенттик шайлоого биринчи «Ата Мекен — Жаңы дем» альянсы менен бара турганын жарыялап, кийин андан чыккан. Анын себебин Сариев түшүндүргөн эмес. Мындан көп өтпөй «Ак шумкар» партиясынын жетекчилигин Ражап Баялиевге өткөрүп, өзү «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын курамында шайлоого барарын билдирген эле.

Количество просмотров: 1811