• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ысык-Ата районунун акими алмашты

14 Жалган куран 202417:22 Бишкек Govori.TV

Эрмекбай Омошев Чүй облусунун Ысык-Ата районунун акими болуп дайындалды, деп билдирет президенттин басма сөз кызматы.

«Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна, 71-беренесине ылайык Омошев Эрмекбай Алянович Чүй облусунун Ысык-Ата районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким болуп дайындалды», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, президент райондун буга чейинки акими Алмазбек Осмонов кызматынан бошотту.

Количество просмотров: 197