• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ысык-Атада 17 жаштагы бала өз жанын кыйган

26 Бирдин айы 202512:10 Бишкек Govori.TV

Ысык-Ата районундагы Буденовка айылында 17 жаштагы бала өз жанын кыйган.

Чүй облустук милициясы билдиргендей, 24-февралда таңкы саат 8де райондук милицияга кабар түшкөн. Анда 2008-жылы туулган К.М. аттуу бала суицидге барганы айтылган.

“Текшерүүнүн жүрүшүндө жарандын денесинде эч кандай так жок болгон, күч колдонулганы аныкталган эмес”, — деп айтылат маалыматта.

Бул факты Ысык-Ата райондук милициясында каттоого алынып, соттук-укуктук экспертизалар дайындалган.

Количество просмотров: 299