Бишкек шаарында дайынсыз болуп жаткан сегиз жаш өспүрүмдөрдүн төртөөсү табылды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББнин басма сөз кызматы билдирди.
Маалфмдалгандай, Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн издөө иш-чараларынын натыйжасында дайынсыз болуп жаткан жаш өспүрүмдөрдүн жүргөн жерлери аныкталып, табылды.
Табылган жаш өспүрүмдөр Бишкек шаарынын Ленин жана Биринчи Май районунун Ички иштер башкармалыктарына жеткирилип, жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан алар менен алдын алуу жана түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлдү.
Андан соң үч өспүрүм Бишкек шаарындагы Курчатов көчөсү 70 дарегинде жайгашкан «Ак-ниет» борборунун тарбиячыларына өткөрүп берилди.
Ошондой эле, бир өспүрүм мыйзамдуу өкүлүнө— ата-энесине тапшырылды.