• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Өспүрүмдөрдү мазактаган видео боюнча териштирүү башталды

6 Үчтүн айы 202614:57 Бишкек Govori.TV

Өспүрүмдөрдү мазактап, видеого тарткан фактыны Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы атайын журналга каттады.

Учурда тергөөгө чейинки текшерүүлөр жүрүп жатат. Окуяга тиешеси барлар аныкталып, суракка алынууда, атайын экспертизалар дайындалды. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Кылмыш-процессуалдык кодекстин алкагында чечим кабыл алынат.

Ага чейин WhatsApp тайпаларда уландарды белгисиз бирөө кемсинтип, ар кандай ыкмалар менен коркутуп жаткан видео тараган.

Количество просмотров: 153