Ысык-Ата районунда 5 жашар бала көлмөгө чөгүп кетти.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, Ысык-Ата районунун Кеңеш айылында балык кармоочу жайында көлмөгө 2017-жылы туулган А. Ы аттуу жаш бала чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине издөө иштери жүргүзүүгө 8 куткаруучу тартылып, жогору аталган баланын сөөгүн суудан чыгарып, туугандарына өткөрүп беришкен.