• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Ысык-Атада бир нече уурулукка шектүү жарандар кармалды

24 Бирдин айы 2021 12:25 Бишкек Govori.TV

Ысык-Ата районунда бир нече уурулукка шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын январь айынын аягында Ысык-Ата районунун ички иштер бөлүмүнө Кант шаарынын жашоочусу кайрылып, түнкүсүн көп кабаттуу үйлөрдүн биринен велосипедин белгисиз бирөөлөр уурдап кеткенин билдирген.

Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Териштирүү учурунда жогорудагы уурдалган велосипеддин үлгүсү Кыргызстанда аз санда болгондугу жана айрым бөлүктөрү атайын жасалган болгондугу аны издөө иштерине чоң мүмкүнчүлүк түзгөн. Уурдалган велосипед өткөн жылдын жай айларында интернет аркылуу башка адамдарга сатылып кеткен. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында жогоруга кылмышка шектелип, 18 жаштагы Н.А. жана Г.Д. аттуу жарандар кармалган.

Териштирүү учурунда кылмышка шектүүлөрдүн 6 уурулук фактысына тиешеси бар экендиги аныкталган.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Количество просмотров: 83