• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ысык-Атада өрттөн 2 киши каза болду

14 Бештин айы 20219:21 Бишкек Govori.TV

Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районундагы Новопакровка айылынын Ленина көчөсүндө жайгашкан кафенин кароолчусу жайгашкан бөлмөдөн өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Өрттөн 6 чарчы метр кароолчунун бөлмөсү толугу менен күйүп, өрттүн кесепетинен бөлмөнүн ичинде эки орус улутундагы адам каза болгон.

Өрт саат 06:30да чектөөгө алынып, саат 06:50дө толугу менен өчүрүлдү. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Количество просмотров: 116