• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

«Ысык-Көл» аэропортунан кайсы өлкөлөргө учууга болот?

7 Теке 2022 17:51 Бишкек Govori.TV

«Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы жай мезгилинде «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунан кайсы өлкөлөргө жана шаарларга учса болорун белгилеп, тизмесин жарыялады.

Казакстан:

Алматы-Тамчы-Алматы багыты боюнча каттамдарды «SCAT» авиакомпаниясы дүйшөмбү жана жума күндөрү аткарат.

15-июлдан тарта дагы 3 каттамга көбөйтүү  пландалууда (шейшемби, шаршемби жана бейшемби күндөрү).

Орусия:

Москва-Тамчы-Москва багыты боюнча каттамдарды «Аэрофлот» авиакомпаниясы бейшемби жана ишемби күндөрү аткарат.

10 июлдан тарта 2 каттамга көбөйтүлөт (шейшемби жана жекшемби күндөрү).

Москва-Тамчы-Москва багыты боюнча учуулар “Урал аба жолдору” авиакомпаниясы аркылуу күн сайын аткарылат.

Новосибирск-Тамчы-Новосибирск багыты боюнча учуулар «Сибирь» авиакомпаниясы аркылуу жекшемби күндөрү аткарылат.

Ички каттамдар:

Ош-Тамчы-Ош багыты боюнча учуулар «Тез Жет» авиакомпаниясы аркылуу шейшемби, шаршемби, бейшемби, жума, жекшемби күндөрү аткарылат.

Количество просмотров: 1043