Ысык-Көл аэропортунда чыр чыгып, окуянын видеосу соцтармакта тарап жатат.
Видеодо аба майдандын кызматкерлери жана жүргүнчүлөр ортосунда пикир келишпестиктер орун алганын көрүүгө болот.
Ал эми “Кыргызстан аэропорттору” ААКтын басма сөз окуя боюнча «Кабар» агенттигине маалымат берип, “Манас” эл аралык аэропортунда туман болгондуктан, Москва – Бишкек аба каттамы “Ысык-Көл” эл аралык аэропортуна жиберилгени айтылды.
Маалыматта айтылгандай авиакомпания жүргүнчүлөрдү шаарга жеткирүү үчүн автобус даярдаган. Автобус баргычакты жүргүнчүлөрдүн ичинен үч аял ызы-чуу чыгарып, экипаж менен сүйлөшүүгө аракет жасап, учакка коё берүүнү кызматкерлерден талап кылышкан.
“Алар экипаж атайын Бишкекке конууну каалаган эмес деп айтышкан. Аэропорттун кызматкерлери коопсуздук эрежелерине ылайык, аталган жүргүнчүлөрдү учакка жиберишкен эмес. Андан соң алар аэропорттун кызматкерлерине асылып, компьютер, принтерди сындырышкан. Анын баарын видеого тартып турушкан. Биз бул окуядан кийин милицияга кайрылдык. Техникаларга зыян келтирилгендиктен, чыгымды эсептөө бөлүмүбүз эсептеп чыкты. Тиешелүү документтерди милицияга берилди”, — деп айтылат маалыматта