• Бейшемби 11 Кулжа 2026
  • Четверг 11 Июнь 2026

Ысык-Көл – Бишкек жолундагы тыгын. 360 айдоочуга айып салынды

17 Теке 202316:52 Бишкек Govori.TV

16-июлда Ысык-Көлдөн Бишкекке кайткан унаалардын ичинен 360 айдоочуга айып алынды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ЖКККББнын Ысык-Көл жана Чүй облусу боюнча кызматкерлери жана борбордук аппаратынын өздүк курамы Бишкек — Ысык-Көл багыты боюнча айланма жолдо жол тыгындарын жөнгө салуу үчүн иш алып барышкан.

«Авто унаалардын саны абдан көп болгондуктан каршы тилкеге чыккан 7 айдоочуга жана ылдамдыкты ашыра айдаган 353 айдоочуга айып салынды», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 82