• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

«Ысык-Көл» мейманканасынын бузулушуна каршы болгондор Ак үйдүн алдына чогулду

21 Үчтүн айы 2022 13:36 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 21-январда Бишкектеги Ак үйдүн алдына «Ысык-Көл» мейманканасынын бузулушуна каршы болгондор нааразычылык акциясына чыгышты.

Кой-Таш айылынын тургуну Зулайка Эргешова төмөндөгүлөргө токтолду.

«Биз бүгүн»Ысык-Көл» мейманканасынын бузулушуна каршы пикирибизди билдирип чыктык. Аталган имаратты салууда кыйын архитекторлор иштеп, эң мыкты курулуш материалдар колдонулган. Президенттик башкармалык имаратты архитектуралык эстеликтин катарынан чыгарганы вандализмге тете. 2020-жылы пандемия убагында орун жок Канттагы «Ганси» базасы обсервация болду. Мейманкананы оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, оорукана кылса деле болот»,-деди Зулайка Эргешова.

Эске салсак, 2021-жылдын 24-декабрында Бишкектин түштүк бөлүгүндө, мамлекеттик резиденцияга жакын жайгашкан «Ысык-Көл» мейманканасын бузуу иштери башталган.

Борбор калаанын түштүк бөлүгүндө жайгашкан сегиз кабаттуу комплекс 1984-жылы Кыргыз ССРинин 60 жылдыгына карата курулган. Бүгүнкү күндө мейманкананын ордуна эмне салынары тууралуу маалымат бериле элек.

Количество просмотров: 643