Ысык-Көл облусунда быйыл 12 мектеп бүткөрүлөт. Бул тууралуу Мамкурулуштун директору Мырзабек Жыпаркулов фейсбуктагы баракчасына жазды.
Маалыматта айтылгандай, 2023-жылга карата Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык Ысык-Көл облусу боюнча 12 мектеп бүткөрүлөт.
Анын ичинен 7 мектептин курулушу жаңы окуу жылына карата толук аяктайт.
Учурда курулуш иштери кызуу жүрүүдө.







