• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Ысык-Көл жана Ош облустарында жер титиреди 

25 Чын куран 2020 10:45 Бишкек Govori.TV

Ош жана Ысык-Көл облустарында күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, Ысык-Көлдө жер титирөө 25-апрель күнү саат 03:56ларда болгон.

«Жер титирөө Тоң районунун Туура-Суу, Оттук айылдарында беш балл, Бар-Булак, Шор-Булак, Кара-Талаа, Ак-Өлөң айылдарында төрт балл, Эшперов, Тогуз-Булак, Төрт-Күл, Темир-Канат айылдарында үч балл жана Нарын облусунун Кочкор районунун Кара-Тоо, Кара-Саз, Төлөк айылдарында үч баллга чейин сезилген», — деп айтылат маалыматта.

Ал эми Ош облусунда күчү беш баллга жеткен жер силкинүү 25-апрель күнү таңкы саат 06:55те катталган.

«Жер титирөө Алай районунун Тогуз-Булак, Арпа-Тектир айылдарында, Кара-Суу районунун Чайчи айылында беш балл, Алай районунун Кен-Жылга, Кара-Шоро, Боз-Караган, Таш-Короо, Жаңы-Турмуш айылдарында, Кара-Суу районунун Алга-Бас, Бек-Жар, Лангар, Талдык айылдарында, Кара-Кулжа районунун Жетим-Дөбө, Сары-Булак айылдарында төрт балл, Ош шаарында, Өзгөн районунун Өзгөн шаарында, Мырза-Арык, Мырзаке, Саламалик айылдарында үч балл, Жалал-Абад шаарында, Кара-Суу шаарында жана Ноокат районунун Ноокат айылында үч баллга чейин сезилген», — деп жазылат билдирүүдө.

Кошумчалай кетсек, эки облуста тең жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор болгон эмес.

Количество просмотров: 136