• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

УКМК: Ысык-Көлдө 371 млн сомдук жер «Акун» пансионатына мыйзамсыз берилип кеткен

24 Бештин айы 2022 12:58 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көлдөгү «Акун» пансионатына мыйзамсыз берилип кеткен 371 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды. Бул туралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгы тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 2008-жылы Ысык-Көл райондук соту тарабынан “Акун” пансионатынын жеке менчигине Кара-Ой айылында жайгашкан 17,65 гектар жер тилкесин берүү боюнча мыйзамсыз чечим чыгарылган, анын натыйжасында ыйгарым укуктуу мамлекеттик каттоо органы тарабынан жеке менчик укугуна мамлекеттик акт мыйзамсыз берилген.

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө мыйзамсыз чыгарылган соттун чечими боюнча даттануу козголуп, жыйынтыгында мыйзамсыз берилген жер тилке мамлекеттин балансына кайтарылды. Жер тилкенин баасы 371 миллион сомго бааланган.

Теги:
Количество просмотров: 794