• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

«Акундун» жетекчилиги УКМКнын билдирүүсү боюнча жооп берди

26 Бештин айы 2022 14:51 Бишкек Govori.TV

«Акун» пансионатынын жетекчилиги УКМКнын жер участогуна байланышкан чечими тууралуу билдирүү жасады. «Акун» Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, маркум Чыныбай Турсунбековдун жакындарына таандык. Анын кызы Айдай Турсунбекова пансионат жайгашкан жер өкмөттүн 1998-жылдын 23-июнундагы токтому менен мамлекеттик менчикти мамлекеттен ажыратуунун жана менчиктештирүүнүн программасы аркылуу сатып алынган деп жазды.

«Сатыкка 32 пансионат коюлуп, анын ичинде «Чынар» пансионаты дагы бар эле. 1999-жылы тендерге (аукционго) катышып, “Чынар” пансионатын белгиленген нарктан жогору баада сатып алганбыз. Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларды менчиктештирүүдө жер участогунун наркы мүлктүк комплекстин наркына кошулат. Башкача айтканда, пансионатты сатып алууда жер тилкесинин баасын да төлөп бергенбиз», — деп фейсбукка жазды.

24-декабрда атайын кызмат «Акун» пансионатына Ысык-Көл облусунун Кара-Ой айылындагы 17,65 гектар жер тилкеси мыйзамсыз берилгенин, 371 миллион сомго бааланган участок мамлекеттке кайтарылганын билдирген.

Количество просмотров: 592