Ысык-Көлдө 400 түк чөп күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 27-сентябрь күнү саат 13:00 чамасында Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылынын А.Акунов көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн короосунда 400 түк чөп күйгөн.
Өрттү өчүрүүгө Жети-Өгүз районунун №36 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн, бир бөлүкчө тартылып, саат 13:14тө чектөөгө алып, 16:19да толук өчүрүлгөн.
Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.