• Дүйшөмбү 8 Кулжа 2026
  • Понедельник 8 Июнь 2026

Ысык-Көлдө адам өмүрүн алган жол кырсыгы катталды

18 Теке 202411:57 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көлдө ири жол кырсыгы катталып, милиция каза болгондор тууралуу толук маалымат берди.
17-июль күнү Ысык-Көл облусунун Балыкчы — Ананьево — Каракол унаа жолунда (Өрнөк айылы) «Тойота Авенсис» жана «Мерседес-Бенц W210» үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталып, адамдар каза болду.

17-июль күнү аталган жолдун 59-чакырымында жол кырсыгы болгондугу тууралуу маалымат Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүндөгү 112 кызматына келип түшөт.

Алдын ала текшерүү учурунда Өрнөк айылында чыгыштан батышты көздөй «Тойота Авенсис» үлгүсүндөгү унааны Ош облусунун 68 жаштагы К.К аттуу тургуну айдап бара жаткандыгы аныкталган. Ал жерден чыгыш тарапка бурулууну чечет. Ошол маалда Бишкек шаарынын 20 жаштагы Т.А.нын башкаруусундагы Mercedes-Benz W210 үлгүсүндөгү унаа артынан келип сүзгөн.

Кырсыктын кесепетинен «Тойота Авенсис» унаасынын айдоочусу, анын жубайы 68 жаштагы М.Б. жана 9 жаштагы небереси кырсык болгон жерде каза болгон. Дагы үч небереси ооруканага оор абалда жеткирилген. Бишкек шаарынын тургуну болгон М.К. «Мерседес-Бенц» унаасынын айдоочусу жана анын жүргүнчүлөрү алган жарааттарына жараша ооруканаларга жаткырылган. Учурда кырсыктын чоо-жайын аныктоо үчүн соттук-медициналык жана соттук-техникалык экспертизалар дайындалды.


Количество просмотров: 329