• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ысык-Көлдө активисттер көлдүн түбүнөн эски пирстин сыныктарын алып чыгышты

5 Баш оона 20259:51 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл облусунун Чок-Тал айылынын аймагында сууга түшкөн экоактивисттер 6 метрдей тереңдикте чоң металл конструкцияны табышкан — кийинчерээк белгилүү болгондой, бул эски пирстин чатырынын бир бөлүгү болуп чыкты. Активисттердин айтымында, курулманы эки жылдан ашык убакыт мурда катуу бороон учурунда көлгө агызып кеткен.

Конструкцияны — дат баскан металл каркасты баннер кездемесинин калдыктары менен — жээктен болжол менен бир километр алыстыкта табышкан. Объекттин салмагы чоң болгонуна карабастан, активисттер аны жээкке сүйрөп чыгарышкан. Бул үчүн ондон кем эмес адамдын күчү, аркандар жана колдо болгон шаймандар талап кылынган.

ИИМ кызматкерлери фактыны катташты. Ысык-Көл облустук ИИББнын маалыматы боюнча Ысык-Көл районунун Чок-Тал айылында жайгашкан “Лазурный берег” пансионатынын жээгинде, көл түбүнөн эс алуучулар үчүн кооптуу болгон темир конструкция чыгарылды. Бул кооптуу объект — мурунку пирстин чатыры болуп, ал 2 жыл мурун катуу шамалдын кесепетинен суу астына түшүп кеткен.

Көл түбүндөгү темир конструкцияны кесипкөй суучул Кубанычбек уулу Бекжан видеого тартып, социалдык тармактарга жарыялаган. Аталган маалымат коомчулукта кызуу талкуу жараткан. Жарандык жоопкерчилик көрсөткөн Бекжандын кайрылуусу Ысык-Көл ОИИБинин жетекчилиги тарабынан көңүл борборуна алынып, 4-август күнү коопсуздукту камсыздоо максатында өзгөчө чара көрүлдү.

Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милиция кызматкерлери Кубанычбек уулу Бекжан аттуу суучулдун көмөгү менен темир конструкцияны суудан алып чыгышты. Алгачкы этапта темирди милициянын моторлуу кайыгынын жардамы менен жээкке жакын жерге сүйрөтүп, андан соң кызматкерлер аны өз күчү менен толук чыгарышты.

Окуянын жүрүшүн жээкте байкап турган эс алуучулар милиция кызматкерлеринин аракетин кол чаап тосуп алышып, ыраазычылыктарын билдиришти.

«Ысык-Көл ОИИБи Кубанычбек уулу Бекжанга активдүү жарандык позициясы, кооптуу жагдай тууралуу маалымат берип гана тим болбостон, жардам көрсөтүүгө даярдыгы үчүн терең ыраазычылык билдирет. Бул иш аракет Ысык-Көлдүн экологиялык коопсуздугун сактоого жана эс алуучулардын тынчтыгын камсыздоого багытталган маанилүү кадам болду», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 146