• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Акылбек Жапаров Темир айылына барды

25 Баш оона 202414:22 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров президенттин тапшырмасы менен Садыр-Аке айыл аймагындагы сел алып кеткен Темир айылына барды. Жабыркаган аймактардан кабар алып, келтирилген зыяндын көлөмү менен таанышып, жабыркаган чарбаларды кыдырды.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ошондой эле Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери жана айыл тургундары менен өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу боюнча зарыл чараларды сүйлөштү.

Кырсыктан жабыр тарткан элге «жараксыз жана кооптуу жерде салынган үйлөрдү башка жерге көчүрөбүз. 1 миллиондон беребиз. Капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтө турган үйлөргө 500 миңден берилет. Эч ким жардамсыз калбайт. Өкмөт көп балалууларга да, жаш үй бүлөлөргө да жардам берет. Ким кандай жардамга муктаж экени мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жергиликтүү калктан түзүлгөн комиссия аныктайт. Комиссия канчалык тез аныктап берсе, биз жардамды ошончолук тез беребиз»-деди.

Ошондой эле Акылбек Жапаров элдин өтүнүчүн эске алып, кырсык болгон айылдын балдары үчүн эки жума онлайн форматта окууга уруксат берилерин, жетим балдарга өз жанынан жардам берерин, жергиликтүү тургундар үчүн жер салыгын жылдыруу каралганын кошумчалады.

Министрлер кабинетинин төрагасы кыймылсыз мүлктү камсыздандыруунун маанилүүлүгүн да
белгиледи. Анын айтымында, камсыздандыруунун суммасы 600 сомдон ашпайт, табигый кырсыктар камсыздандыруу окуяларынын тизмесине кирет. Ал жарандарды бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, мүлкүн мүмкүн болуучу кырсыктардан коргоого чакырды.

Количество просмотров: 115