• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

Ысык-Көлдө балык уулап жаткан жергиликтүү тургун кармалды

7 Баш оона 202316:34 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көлдө туристтик-экологиялык милициянын кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз балык уулап жаткан 61 жаштагы Чолпон-Ата шаарынын тургуну кармалды.

Облустук милициянын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, кармалган жарандан далил зат катары 51 даана «чабак» балыгы жана үйлөмө резина кайыгы алынган.

Аталган факты Ысык-Көл РИИБдин маалыматтарды каттоо электрондук журналына катталып, юридикалык баа берүү үчүн чогулган материалдар аймактык милициянын тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Учурда териштирүү иштери уланууда.

Количество просмотров: 122