• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ысык-Көлдөгү 18 жаштагы баланын өлүмү боюнча экспертизалар дайындалды

28 Теке 202111:02 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көлдүн Бостери айылындагы «Золотые пески» пансионатынын аймагында болгон каргашалуу окуя — 18 жаштагы уландын өлүмү боюнча сотко чейин өндүрүш башталды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.

«Экспертизалык иштер аяктагандан кийин гана кайсы берене боюнча кылмыш иши козголору белгилүү болот», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 27-июлда «Золотые пески» пансионатында аквапарктын түтүкчөсү 18 жаштагы С.С. аттуу жигитти соруп кеткен. Жерине куткаруучулар, ИИМдин кызматкерлери жана эс алуучулар тартылган. Түтүкчөнү кесип маркумдун жансыз денесин алып чыгышкан.

Количество просмотров: 452