• Бейшемби 11 Кулжа 2026
  • Четверг 11 Июнь 2026

Ысык-Көлдөгү төрт пансионатты Кыргызстан Өзбекстанга башкарууга берет

17 Баш оона 202314:28 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көлдөгү төрт пансионат Өзбекстанга 49 жылга башкарууга берилет. Бул тууралуу “Азаттык” жазды.

Маалыматка караганда, Өзбекстан пансионаттардын ар бирине 15-20 миллион доллар инвестиция жумшоону көздөөдө.

«Сөз “Дилором”, “Золотые пески”, “Рохат” жана “Бустон” пансионаттары жөнүндө болуп жатат»,-деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, өкмөт 2020-жылы “Алтын кум”, “Рохат” жана “Дилором” мамлекеттик пансионаттарын жеке менчикке башкарууга берүү ниетин билдирген. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду бул жайлар мамлекеттин менчиги болуп кала берерин, инвесторго убактылуу башкарууга берилерин айткан.

Количество просмотров: 162