Ысык-Көлдө катер адамды тебелеп кетип, каза болду
. 15-июль күнү саат 18:25те Ысык-Көлдөгү Кара-Ой айылындагы эс алуу жайларынын пляжынан, катер 1982-жылы туулган К, Б атту түбү Балыкчылык учурда Казакстандын жараны болгон жигитти сүзүп кеткен.
Жабырлануучу ооруканага эс-учун билбеген оор абалда түшкөн.
Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнө райондук ооруканадан кабарлашкан. Оор абалда ооруканага түшкөн К.Б аттуу жаран 16-июль күнү алган жаратынан улам райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүндө каза болгон.
Иликтөө иштеринин жүрүшүндө кайыктын ээсинин өздүгү такталып, ал Ысык-Көл облусунун 1992-жылы туулган М.Б болгон. Кырсык болгон учурда катерди 2006-жылы туулган жергиликтүү тургун А.А айдап бара жатканы аныкталган.