• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Төрага Ысык-Көлдөгү суудагы «Формула-1» экологияга зыян келтирбей турганына ишендирди

28 Бугу 202611:41 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин төрагасы Ысык-Көлдөгү суудагы «Формула-1» экологияга зыян келтирбей турганына ишендирди. Бул тууралуу Марлен Маматалиев бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, дүйнө жүзүндө авто жана суудагы «Формула-1» өткөрүлөт.

«Көптөгөн мамлекеттер өздөрүнүн аймагында бул жарыштар өтүшү үчүн аракет кылып, ага тиешелүү инфраструктураларды куруп жатышат. Бизде азырынча автожарыштар өткөрүлө элек, бирок келечекте буга да келебиз деп ишенем. Суу жарыштарына келсек, биз бир катар ыйгарым укуктуу органдардын, эксперттердин катышуусунда жыйындарды өткөрдүк. Алар техника экологияга зыян келтирбегендиктен, калкка жана Ысык-Көлгө зыян келтирилбейт деп ишендиришүүдө. Стандарттарга ылайык, коопсуздук боюнча экологиялык экспертизалар жүргүзүлөт. Бирок туризмди өнүктүрүү үчүн бул жакшы долбоор — Кыргызстанды жана Ысык-Көлдү дүйнөгө көрсөтөбүз», — деп кошумчалады Марлен Маматалиев.

Ал ошондой эле өлкөдөгү көлдөрдү сактоо боюнча көптөгөн чаралар көрүлүп жатканын — аларды булгагандыгы үчүн чараларды катаалдаштыруу боюнча мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу, ошондой эле эски скутерлерди колдонууга жол бербөө аркылуу ишке ашырылып жатканын кошумчалады.

Количество просмотров: 111