Ысык-Көлдө кезектеги рейддик иш-чаралар жүргүзүлдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чаранын жүрүшүндө көлдүн түбүнөн жана суудан жалпы узундугу 7 300 метрди түзгөн эски синтетикалык торлор чыгарылды.
Мындан тышкары, 130 килограмм тиричилик калдыктары табылып, суудан чыгарылды.
Жаратылыш ресурстары министрлиги Ысык-Көлдүн экологиялык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча рейддик жана көзөмөлдөө иш-чаралары мындан ары да үзгүлтүксүз жүргүзүлөрүн белгилейт.