• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

«Ысык-Көлдүн жээгиндеги балет кечелери» болуп өттү

17 Баш оона 202518:34 Бишкек Govori.TV

15-16-августта «Рух Ордо» маданий борборунда «Ысык-Көлдүн жээгиндеги балет кечелери» болуп өттү.

Маданий иш-чара КР Маданият министрлиги тарабынан Биринчи айым Айгүл Жапарованын колдоосу менен уюштурулду. 

Максаты — балетти жайылтуу жана аймактын чыгармачылык жана туристтик потенциалын көрсөтүү. 

Көрүүчүлөр А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын алдынкы солисттери Даяна Кыдыралиева, Айдана Галиева, Айпери Турусбекова, Саади Иманкулов, Адильжан Рахманов, Адинай Эмильбекова, Бегимай Ильязбекова, Фарух Садыркулов жана Марат Сыдыковдун аткарууларын көрүштү. 

Ошондой эле ачык асман алдында Мариин театрынын артисттери Альбина Сатыналиева жана Раманбек Бейшеналиев, ошондой эле Москва хореография академиясынын студенти Алихан Акматов өнөрлөрүн тартуулашты. 

Эки театрдын артисттеринин өз ара сый-урматын символдоштурган коллабрациялык аткаруулары да тартууланды.

Количество просмотров: 72