• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Белгилүү балет бийчиси Чолпонбек Базарбаевдин баскан жолу эскерилди

3 Бирдин айы 2023 17:52 Бишкек Govori.TV


Бүгүн, 3-февралда белгилүү балет бийчиси Чолпонбек Базарбаевдин жаркын элесине арналган иш-чара өттү.
Иш-чарага катышкан Франциянын Кыргызстандагы элчиси Франсуа Делаус балет өнөрүнүн өзгөчөлүгүнө токтолду.
Чолпонбек Базарбаев айылдык жигит болгонуна байланыштуу орусча эки сөз билбей келип, талыкпаган эмгектин аркасында чоң ийгиликтерди багынткан. Аны бийдин кудайы деп атап коюшкан. Талантуунун учугун улаган анын жээни Канат Надырбек уулу дагы бул өнөрдү даңазалап келе жатат.
Учурда Чолпонбек Базарбаевдин аты ыйгарылган Бишкек хореографиялык окуу жайынан тарбияланган таланттуулар Кыргызстандын атын дүйнөгө таанытууда. Андыктан бул окуу жайдын айрым шарттарын жакшыртуу мезгилдин талабы болуп турат.
Чолпонбек Базарбаев 1949-жылы 4-февралда Нарын облусунун Кочкор районундагы Чолпон айылында жарык дүйнөгө келген. 10 жашында Фрунзедеги музыкалык-хореографиялык училищеге тапшырып билим алган агасын, Кудайберген Базарбаев мындайча эскерет.
Базарбаевдин эмгек жолу 17 жашка толгондо Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында башталып, ошол эле жылы Москва, Ленинград шаарларына гастролдоп барган. Андан соң бир жыл Москвадагы академиялык хореографиялык окуу жайында кесипкөйлүгүн жогорулатып, борбор калаадагы театрда солист болгон. Көзү тирүү болгондо быйыл 74 жашка чыкмак.

Количество просмотров: 226