• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Ысык-Көлдө сейрек кездешүүчү жаныбарларды  сүрөткө тартып алышты  

16 Баш оона 2018 18:44 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 16.08.2018. Govori.TV
Ысык-Көлдүн Борбордук Тянь-Шань тоосундагы “ Хан-Теңир,”- деп аталаган паркта, июль айынын ортосунда атайын орнотулган фотокапканга сейрек кездешчү 15 жаныбар түшүп калган. Бул туурасында Германиянын Кыргызстандагы жаратылышты коргоо союзунун (NABU) маалымат кызматы билдирди.
Ысык-Көлдүн түштүк-чыгышындагы Тескей-Ала-Тоо кыркаларына 20 фотокапкан орнотулган болчу. Сүрөттөр 15-июлдан 25ине чейин тартылган.
«Кадрга беш ак илбирс, эки аюу, карышкыр, түлкү, суур, үкү, кашкулак, мадыл, аркар, теке түшүп калган», — деп айтылат маалыматта.
Жергиликтүү тургундардын жана аңсакчылардын  айтымында, соңку эки-үч жылдын ичинде бул аймакта жаныбарлардын биологиялык өсүш динамикасы жогуралап калган.
Кошумчалай кетсек: Ысык-Көл облусундагы мамлекеттик жаратылыш паркы Кыргызтандагы эң ири парктардын бири болуп эсептелинет. Ал “Сары-Жаз” аймагында жайгашкан. Бийиктиги деңиз деңгээлинен 2200 метр жогору.
«Хан-Тенир» мамлекеттик жаратылыш паркынын  директору Кубанычбек Бекбоевдин сөзү боюнча,  Казакстан жана Кытай  менен чектешкен Борбордук Азияда экинчи орунда турган парк болуп саналат.
Бул аймакта тоодогу туризмдин ар кандай түрлөрүн өнүктүрсө, эс алуу үчүн укмуштуу жер  болуп калат.
Аталган парк 2016-жылдан бери иштеп келе жатат, анын жалпы аянты 275 800.3 чарчы метрди түзөт.
Парктын негизги максаты сейрек кездешүүчү жаныбарларды сактап, жана алардын көбөйүүсүнө ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Количество просмотров: 163