• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Ысык-Көлдө сууга чөгүп кеткен 4 жашар кызды издөө иштери уланууда

2 Баш оона 2022 13:58 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл районунда сууга чөгүп кеткен төрт жашар кызды издөө иштерине Ысык-Көл облусунун айыл өкмөттөрү да тартылууда. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, айыл өкмөт кызматкерлери жергиликтүү тургундар, куткаруучулар, суучулдар жана башка адистер менен бирге издөө иштерин улантууда. Алар көл жээктерин карап, көл астындагы торлорду алып чыгып кайыктар, катерлер менен көлдү кыдырууда.

Ошондой эле Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Калыбек Жумадылов 200 литр күйүүчү май бөлүп берген.

Өкүлчүлүктөн белгилешкендей, издөө иштерине жардам берүүнү каалагандар төмөнкү номерлер аркылуу байланышса болот: Сабыр — 0705-60-37-04, 0555-99-56-26.

Эске сала кетсек, 18-июлда Ысык-Көлдүн Тору-Айгыр жана Чырпыкты айылдарынын ортосунда 2018-жылы туулган М.А. аттуу төрт жашар кыз көлгө чөгүп кеткен. Издөө иштеринен азырынча жыйынтык жок.

Количество просмотров: 750