• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

ЮНЕСКОнун Башкы директору Тышкы иштер министрлигине куттуктоо жиберди

7 Жалган куран 2024 10:31 Бишкек Govori.TV

ЮНЕСКОнун Башкы директору Одри Азуле Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевге өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 80 жылдыгына карата куттуктоо кат жолдоду. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

О.Азуле өз кайрылуусунда Кыргызстандын Элчиси жана ЮНЕСКОдогу Туруктуу өкүлү, кызматтарын 10 жыл бою аркалап келген, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун аракетинин аркасында Кыргызстан менен ЮНЕСКОнун ортосундагы түзүлгөн эки тараптуу бекем диалогду канааттануу менен белгилейт.

Ошондой эле, О.Азуле ЮНЕСКО Уюмдун компетенциясынын алкагында инклюзивдик жана туруктуу өнүгүүгө көмөк көрсөтүү максатында Кыргызстан менен мындан ары да тыгыз кызматташа тургандыгына ишендирди.

Количество просмотров: 102