• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

«Өзүнүн «шкурасын» ойлоп жатса керек». ЖКда депутаттар айтыша кетти

22 Кулжа 2023 13:54 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Элмурза Сатыбалдиев кесиптеши Жеңишбек Токторбаев сунуштаган мамлекеттик кызматтагы коррупцияны жоюуга багытталган мыйзам долбооруна каршы чыкты.

Ал парламентти бул демилгеге каршы добуш берүүгө чакырды.

«Бул Конституцияга каршы мыйзам долбоору. Бир эле кылмыш үчүн адам эки жолу жоопкерчиликке тартылбайт. Акталган адам ансыз деле күнөөсүз”, — деди Сатыбалдиев.

Ал эми Жеңишбек Токторбаев кесиптешине кылмыш жоопкерчилигине тартылганын эскертип, бардык депутаттарды мыйзамга каршы үгүттөбөөнү талап кылды.

«Элмурза Ракиевич өз терисин ойлоп жатка керек. Добушка коелу кабыл алынса, алыднды, болбосо жок. Каршы добуш берүүгө чакырууга укугуңуз жок. Өзүңүзгө жооп бербейсизби, сиз өзүңүз соттолсоңуз, коррупцияга шектелсеңиз… Эмне үчүн баарына жооп бересиз, эмне кыласыз же сиз баардык депуттар үчун жооп бересизби», — деп нааразы болду ал.

Бүгүн, 22-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жөнүндө” конституциялык мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”  жана “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө коррупцияга каршы аракеттенүүгө багытталган Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”  мыйзам долбоорлорунун топтомун карады.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери –Жогорку Кеңештин депутаттары Ж.Токторбаев, М.Алиев, К.Сулайманов, Ы.Атажанов, Ф.Исмаилов.

Демилгечилердин бири, депутат Жеңишбек Токторбаев белгилегендей, мыйзам долбоорлору Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү максатында иштелип чыккан ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштарды жасоонун алдын алууга багытталган. «Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупция жана башка кылмыштар үчүн соттолгон адам, анын соттуулугу мыйзамда белгиленген тартипте алынып салынганына же жоюлганына карабастан, Президент, Жогорку Кеңештин депутаты, Төрагасы, Министрлер кабинетинин мүчөсү боло албасын нормага киргизүү сунушталууда», — дейт депутат Жеңишбек Токторбаев.

Количество просмотров: 270