Тажикстандын Нурек шаарында өз жанын кыюу максатында Вахш дарыясына секирген көп балалуу аял куткарылды. Бул тууралуу калаа башчысы Дилшод Асозода билдирди.
Анын айтымында, 3-августта шаардын четиндеги Дангара айылынын 40 жаштагы тургуну, алты баланын энеси өз жанын кыюу үчүн атайын Нурек шаарына келип, дарыяга боюн таштаган. Ал мындайга кадамга күйөөсүнүн экинчи аялы бар экенин билгенден кийин барган.
Келинди дарыянын жээгинде күзөттө турган куткаруучулар аман-эсен алып чыгышкан.
Бул факты боюнча Нурек шаардык ички иштер башкармалыгы тергөө иштерин баштаганы кабарланды.
Бул акыркы эки айдын ичинде Хатлон облусунда тургундар өз жанын кыюуга аракет кылган үчүнчү учур болуп калды. Эки жума мурда Нурек шаарында 22 жаштагы келин күйөөсүнүн үйүндөгү сарайда асынып алган жеринен табылган. Азырынча анын өз өмүрүнө кол салуусуна эмне себеп болгону аныктала элек.
Июнь айында Дусти районунун 23 жаштагы тургуну Савринисо Сафарова өзүнө өрт койгон. Апасынын айтымында, кызы мындай кадамга бир жылдан бери диний никеде жашап жаткан адамдын аялы жана эки баласы бар экенин билгенден кийин барган.
Расмий маалыматтарга ылайык, акыркы бир жарым жылдын ичинде Тажикстанда 430 адам өз жанын кыюуга аракет кылса, алардын 208и аялдар болгон.