• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Zakon.kz: Дарига Назарбаева январдын аягына чейин эмгек өргүүсүндө болот

18 Үчтүн айы 2022 9:12 Бишкек Govori.TV

Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин улуу кызы, казак парламентинин төмөнкү палатасынын депутаты Дарига Назарбаева «январдын аягына чейин эмгек өргүүсүндө болот». Бул тууралуу 17-январда Zakon.kz сайты депутаттын басма сөз катчысына шилтеме кылып кабарлады.

Маалыматка караганда, Назарбаева «коронавирустан кийинки реабилитацияга байланыштуу» акы төлөнбөгөн эмгек өргүүсүнө чыккан. 12-январда анын жардамчысы Назарбаева COVID-19 жуктуруп алганын, Алматыда дарыланып жатканын билдирген.

Акыркы күндөрү Казакстандын мурдагы президентинин жана анын жакындарынын кайда экени тууралуу түрдүү божомолдор айтылып келет. Нурсултан Назарбаев өзү акыркы жолу коомчулук алдына 28-декабрда чыккан. Азырынча ал өлкөдөгү соңку окуяларга байланыштуу пикирин билдире элек. Анын басма сөз катчысы Назарбаев Нур-Султан шаарында экенин жана Коопсуздук кеңешинин жетекчиси кызматын президент Касым-Жомарт Токаевге өткөрүп берүү чечимин жеке өзү кабыл алганын билдирүүдө.

Буга чейин айрым басылмалар экс-президенттин бир тууганы Болат Назарбаев кыргыз-казак чек арасынан өтүп, андан соң «Дубайга учуп кеткенин» жазышкан. Бирок азырынча бул маалыматты анын жакындары да, Казакстандын бийлиги да ырастай элек.

13-январда Нурсултан Назарбаевдин кичүү кызы Алия Назарбаеванын Facebook жана Instagram социалдык түйүндөрүндөгү баракчалары жок болуп кеткен. Ага чейин ал аталган баракчаларга кан төгүү менен аяктаган Казакстандагы жапырт нааразылыктар тууралуу алгачкы жолу пикирин жазган. Кийинчерээк Telegram’дагы Qumash каналы Алия Назарбаева Казакстандагы окуялар тууралуу билдирүүсү жарыяланган аккаунтуна Бириккен Араб Эмираттарынан киргенин кабарлаган.

Акыркы күндөрү Назарбаевдин бир нече тууганы кызматтарынан алынды. 15-январда Димаш Досанов «КазТрансОйл» компаниясынын башкы директорлугунан, Кайрат Шерипбаев «Казакгаз» компаниясынын жетекчиси кызматынан кеткени кабарланды. Кайрат Шарипбаев Дарига Назарбаеванын, Димаш Досанов Алия Назарбаеванын күйөөсү экени айтылып келет.

17-январда Назарбаевдин ортончу кызы Динаранын күйөөсү Тимур Кулибаев «Атамекен» улуттук ишкерлер палатасынын төрагасы кызматынан кеткени кабарланды.

Ошол эле күнү Токаевдин буйругу менен Назарбаевдин агасынын уулу Самат Абиш өлкөнүн Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын биринчи орун басары кызматынан бошотулган.

Количество просмотров: 205