• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Замир Арыкбаев: Бегимай өзгөчө алтын үндүү кыз экен

22 Кулжа 2022 16:02 Бишкек Govori.TV

Фонограммасыз, өз үнү менен ырдап таанылып, интернет жылдызына айланган Бегимай тууралуу ырчы Замир Арыкбаев өз оюн билдирди. Ал Бегимайдын талантына «алтын үн» деп баа берди.

«Бегимай өзгөчө алтын үндүү кыз экен. Ырдаганына караганда музыкалык билими бар окшойт. Кафе-ресторандарда ырдап жүрсө керек. Тажрыйбасы бардай болуп атат. Азамат. Абдан сонун ырдады. Талантына баа бердим»,-деди.


Мындан сырткары ырчы мырза Бегимайдын орбазына дагы токтолуп өттү.


«Көйнөк жана жоолукчан таанылган бул кыздын образы дагы өзгөчө болду да. Эми мындан ары дагы ушул эле образды өнүктүрүп, өзгөчө стилдеги кыргыз келининин образын алып чыкса болот»,-деген сунушун айтты Арыкбаев.


Ошондой эле ырчы Бегимай ырдаган форматтагы концерт уюштуруу идеясы жаралганын кошумчалады.

Количество просмотров: 18563