• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Фонограммасыз ырдаган Бегимай тууралуу ырчы Нурлан Насип өз оюн билдирди

22 Кулжа 2022 15:39 Бишкек Govori.TV

Фонограммасыз, өз үнү менен ырдап таанылып, интернет жылдызына айланган Бегимай тууралуу ырчы Нурлан Насип өз оюн билдирди. Анын айтымында Бегимай менен музыкалык окуу жайда бирге окушкан.


«Бегимай абдан таланттуу кыз. Биз музыкалык окуу жайда бирге окуганбыз. Жашоо шартка байланыштуу ырдап чыга албай калса керек»,-деди.


Мындан сырткары ырчы мырза Бегимай ырдагандай эле шартта ырдай алаарын жана ырдап жүргөнүн белгилеп өттү.


«Биз ошондой эле шарттарда тойлордо ырдап чонойгонбуз»,-деди Нурлан Насип.

Кошумчалай кетсек, 21-июнда бир күндүн ичинде атактуу болуп, интернет жылдызына айланган Бегимай Турусбекованын чыгармачылык кечеси Ынтымак-2 эс алуу багында өткөн.

Количество просмотров: 106495