• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Зарылбек Рысалиев, депутат “Мен браттарымды 100 млн. сомдон сотко берет элем…”

30 Бугу 2018 10:24 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 30.05. 2018. Govori.TV

“Мен браттарымды сотко берип, ар бирине 100 млн. сомдон доо коеюн деп жүрөм…” Бул сөздү ЖКдагы Башкы прокурордун отчету учурунда ЖКнын депутаты Зарылбек Рысалиев билдирди.

Анын айтымында, кылмышкер Азиз Батукаевдин абактан чыгарылып кетиши боюнча кылмыш иштин аягына чыгууга Башкы прокуратура кызыкдар болушу керек.

“Гезиттерге Феликс Кулов маек берип, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев ага Шамиль Атахановдун кирип, Батукаевдин катуу оруп жатканын, аны сыгаруу керектигин суранганын  айтканын билдириптир. Деги бул иштин аягына качан чыгасыңар? Мен тергөөнүн жыйынтыгын күтүп жүрөм. “ИИМдин арасында “крыса” пайда болду” деген сөз чыккан. Ошол крыса ким? Тергөө аягына чыкса мен ИИМде министр болуп иштеген Атаханов, Кулов, Болот Шер браттарымды сотко берип, 100 миллиондогон сом доо жыгайын деп жүрөм”,-ал.

Эске сала кетсек, бүгү ЖК Башкы прокуратуранын 2017-жылдагы отчетун кароодо.

Количество просмотров: 8